УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан үч жаран кармалды

Окуялар тизмеги 08 Апр 2020 13:33
0 ой-пикир

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 7-апрелинде 1989-жылы туулган Т.у.Ч., 1986-жылы туулган А.Т.А., жана 1998-жылы туулган Ж.Т.М, аныкталды.

Алар социалдык тармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан.

Жогорудагы адамдар менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.