IV чейректе окуучулардын жетишкендиги кантип бааланат?

Окуялар тизмеги 08 Апр 2020 15:47
0 ой-пикир

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова дистанттык билим алып жаткан окуучулардын жетишкендиги кантип баалана тургандыгынын жол-жобосун түшүндүрүп берди.

Анын айтуусуна караганда, окуучулардын жетишкендигин баалоо үчүн 4-класстан 11-класска чейин атайын комплекстүү тесттер даярдалган. Аталган тесттер министрликтин алдындагы Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо борбору тарабынан иштелип чыккан.

«Тесттерди иштеп чыгууга көп педагогдор өздөрү катышкан. Бул тесттерди он-лайн жана офф-лайн режиминде колдонсо болот. Биз мугалимдерге тесттерди жөнөтө баштайбыз. Окуучулар аткарып бүткөндөн кийин жооптору жөнөтүлөт. Бул да өз кезегинде окуучулардын жетишкендигин баалоого жана окуу процессин аралыктан жүргүзүүгө абдан чоң жардам берет», — деп түшүндүрдү ал.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги ѳлкѳдѳгү убактылуу кырдаалды эске алып, 2019-2020-окуу жылынын IV чейрегин дистанттык форматта жүргүзүү чечимин кабыл алган. Ага ылайык, бүгүн 8-апрелден тартып республиканын бардык региондорунда окуу башталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.