ИИМ: Вирусту алып жүрүүчү дарылануудан баш тарткандыгы үчүн иш козголду

Окуялар тизмеги 08 Апр 2020 16:14
0 ой-пикир

Нарын шаарынын тургунуна карата санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Интернет булактарында Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавируска чалдыкпагандыктан, дарылануудан баш тартып жатканы жана үй-бүлө мүчөлөрү медициналык каражаттарды ичкендигинин натыйжасында  ден-соолуктары начарлап жаткандыгы жөнүндөгү видеокайрылуусу  жарыяланган.

Бирок бул маалымат чындыкка дал келбегенин белгилөө менен, ИИМ окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

2020-жылдын 2-апрель күнү ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору милицияга кайрылган. Анда 2019-жылдын ноябрь айында Пакистан мамлекетине дааватка кетип, кайра 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент,  Ташкент-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга кайтып келген Нарын  шаарынын тургуну О.М. аттуу жарандан коронавирус аныкталгандыгы айтылган. Ал жаран өзүнө коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн  мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү келтирилген.

Анткени, О.М. менен  байланышта болду деген себеп менен дарыланып жаткан Нарын шаарынын 3  тургунунда 2020-жылдын 30-мартында коронавирус оорусунун белгилери  аныкталган.

Жогорудагы билдирүүдө КР Жазык кодексинин  280-беренесинде (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу)  көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар экендигине байланыштуу 2020-жылдын  3-апрелинде Нарын ШИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталып,  О.М.аттуу жаран изоляцияда болгондугуна байланыштуу аны менен түздөн түз тергөө аракеттери ал сакайгандан кийин жүргүзүлөт.

Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.