Ош шаарындагы жугуштуу дарт ооруканасы дарыгерлеринин баары коронавирус жуктуруп алгандыктан жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, жугуштуу оорулар ооруканасында иштеген дарыгерлердин бири умрадан келген кошунасынын үйүнө барып, коронавирус жуктуруп алганы такталды.
«Ал умрадан келген кошунасынын үйүнө чайга барып жуктурган. Анализи чыкканга чейин өзү да байкабай иштеп жүрүп, кесиптештерине жуктурганы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди», — деди Кубатбек Боронов.
Ал коронавирус аныкталган дарыгерлердин баары эле ооруну жумуш учурунда жуктурбаганын белгиледи.
Ал эми Ош шаарындагы жугуштуу оорулар орууканасынын имараты дезинфекциялоо үчүн 2 күнгө убактылуу жабылып жатат. Тазалоо иштери аяктагандан кийин ишин улантат.
Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстанда 270 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 32 адам медицина кызматкерлери.