Белгилүү адвокат Канат Хасанов «Жогорку Кеңештин үч депутатынан коронавирус аныкталганы чынбы?» деген постту Фейсбуктагы баракчасына калтырган. Бул пост кызуу талкууну жаратып, комментарийлерде ал кайсы депутаттар экендигин билген «кыйындар» да чыкты.
Бүгүн 7-апрелде, ММКларга өткөрүлгөн брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ПолитКлиника медиасынын суроолоруна жооп берип жатып, бул маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди.