Министр: Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 19га жетти

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 10:31
0 ой-пикир

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 12 жаңы учур катталды. Тилекке каршы анын 7си медицина кызматкерлери. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, тастыкталган 12 учурдун бардыгы Ош облусунда.

«Алардын 7си дарыгерлер жана медайымдар. Төртөө – 1 дарыгер, 3 медайым Ноокат районундагы обсервацияда жаткандар, алар коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптар менен байланышта болгон. Ал эми калган үчөө Ош облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасында иштеген 1 дарыгер жана 2 медайым, алар ооруну жугузуп алган дарыгер менен байланышта болгон», — деп кошумчалады ал.

Министр белгилегендей, азыркы учурда медицина кызматкерлери ооруканаларга жаткырылган, абалдары канааттандырарлык. Тактап айта кетсек, бул адамдарда клиникалык белгилер жок, бирок оорунун козгогучу бар. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, вируска каршы дарыларды алып жатышат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 228 адамды түзсө, алардын 19у медицина кызматкерлери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.