COVID-19: 12 жаңы учур катталды. Жалпы 228

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 09:21
0 ой-пикир

Кыргызстанда 7-апрель саат 09:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 12 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министр билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 228 кишиге жетти.

«Жаңы 12 учур тең Ош облусунда катталды, баары обсервацияга жаткырылды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял», — деп кошумчалады министр.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.