Азиз Суракматов: Бишкекте таксист үй-бүлөсүндөгү 6 адамга коронавирус жуктурган

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 12:10
0 ой-пикир

7-апрелге карата борбор калаада 25 тургундан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.

Калаа башчынын айтымында, айрым шаардыктар учурдагы абалга кайдигер мамиле жасап жатышат. Таксист болуп иштеген адам коронавирус менен ооруп жатканын билбей үй-бүлөсүндөгү 6 адамга да ооруну жуктурганын мисал катары келтирди.

«Коронавирус аялына, кызына, күйөө баласына, 2 уулуна жана небересине жуккан. Башка үй-бүлөдө 1 адам 4 жакын тууганына вирус жугузган. Мындай учурлар көп», — деди Суракматов.

Акыркы маалыматтарга караганда, Бишкек шаарындагы 25 бейтап менен жакын байланышта болгон 66 адам (үй-бүлө мүчөлөрү), экинчи категориядагы 204 адам (кесиптештер, тааныштар, коңшулар) бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.