Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына арналып «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» толук метраждуу даректүү тасмасы тартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Тасма Төлөмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан мамлекеттик буйрутма боюнча тартылган.
«Тасмада ата-бабаларыбыз басып ɵткɵн жол жана эгемендүүлүктү алгандан тарта 2010-жылга чейин болгон окуялар баяндалат», — деп айтылат маалыматта.
«Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» даректүү тасмасы бүгүн, 7-апрель күнү КТРК каналында саат 20:05те, Ала-Тоо 24 каналында саат 21:45те, ЭлТРде саат 22:40та көрсөтүлөт.
Тасманын режиссеру – КР Эл артисти Бакыт Карагулов;
Сценарий жазгандар – Сүйүм Сулайманова, Жуманазар Койчубеков;
Илимий консультанттар – Абылабек Асанканов, Эмилбек Каптагаев;
Адабий консультант – Бакыт Орунбеков болгон.