Апрель окуяларына 10 жыл. Атамбаев кайрылуу таратты

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 20:23
0 ой-пикир

УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев апрель окуяларынын он жылдыгына карата кайрылуу таратты.

Кайрылууда мурунку президент «мындан он жыл мурун, 7-апрель күнү кыргызстандыктар кандуу режимди кулаткан» деп белгиледи.

«86 жаран ошол күнү набыт болуп, 1,5 миңден ашуун адам жаракат алган. Өз өмүрүн келечек үчүн тартуу кылган кыргызстандыктардын эрдиги өз элиңе, мамлекетиңе кызмат кылууга үлгү болуп, жаңы муунду шыктандырып турат. Адам өмүрүнүн баасы менен Кыргызстан бийлик диктатурасынан эркин, демократиялык коомчулукка карай жол кура баштаган. Ал күнү эл эркиндик жана адилеттик үчүн чыккан. Кыргызстандыктар тизелеп жашаганча, өлүмгө тике кароо артык экенин көрсөтүшкөн», деп жазылган Атамбаевдин кайрылуусунда.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев кыргыз эли үй-бүлөлүк кландык режимдин оор кесепеттерин эч качан унутпасын белгилеп, мамлекеттик бийлик «туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген акылман сөздө айтылгандай иштөөгө тийиш экенин айтып кеткен.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Анын ордуна Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген. Алмазбек Атамбаев Убактылуу Өкмөт жетекчисинин 1-орун басары болгон. 2010-жылы 26-июнда жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы менен Роза Отунбаева өткөөл мезгилдеги президент болуп шайланган. 2011-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев утуп чыгып, мамлекет башчы болуп шайланган. 2017-жылы президенттик шайлоодо коомчулукта анын мураскору аталган Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишип, мамлекет башчылык кызматты колуна алган.

2019-жылы августта Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, камакка алынган. Ага кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотулушуна, Бишкек ЖЭБине байланыштуу жана башка бир катар иштер боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.