2020-жылдын I кварталында жашоо минимуму 5167 сомду түздү, – Улуттук статистика комитети

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 15:36
0 ой-пикир

2020-жылдын I кварталында Кыргызстанда жашоо минимумунун наркы жан башына 5 миң 167,21 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө бардык аймактарында январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугунун өсүшү белгиленди.

Аймактар боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)

Жашоо минимумунун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарлардын үлүшү (калк үчүн орто эсеп менен) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар — 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар — 2 пайызды түзөт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)

Улуттук статистика комитети тамак-аш азыктарынын минималдуу топтомунун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана энергетикалык баалуулугун, жашоо минимумунун көлөмүн эсептөө методикасын камтыган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, квартал сайын жашоо минимумунун нарктык чоңдугун эсептеп чыгарат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.