Россия чет өлкөлөрдөн жарандарын алып келүүнү убактылуу токтотту

Бул кызыктуу! 06 Апр 2020 08:38
0 ой-пикир

Россия коронавируска байланыштуу чет өлкөлөрдө калып кеткен жарандарын кайтарууну убактылуу токтотту. Мындай кадамга Москва сырттан вирустун алып келинишин чектөө максатында барганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Вице-премьер-министр Татьяна Голикова 4-апрелде өкмөт чет жактагыларды алып келүүнү жакшылап пландаштыруу үчүн тыныгуу алганын билдирди. Ал 6-апрелден тарта чет өлкөлөрдөгү жарандарды кайтаруунун жаңы жадыбалы түзүлөрүн убада кылды.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө 30 миңге жакын жараны бар экенин билдирди.

5-апрелге карата Россияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны беш миңден ашты. Бул илдеттен 45 киши каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.