5-апрелде коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү.
Анда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу иштеринде кемчилик кетирген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кызматтан гана албастан, жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Ал өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедовго Ала-Бука районунун акими кемчилик кетиргенин айтып, жоопкерчилигин кароону сунуштады.
«Уюштуруу маселесин тийиштүү деңгээлде чече албаган жетекчилерге талап катуу болот. Ала-Бука районунун акими бир күн кечке кен иштетүү жайына вахтага баргандарды себепсиз кармап отурду. Өндүрүш процессин токтотпоо маселесине президент көңүл буруп атат», — деди вице-премьер-министр.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери медициналык кызматкерлердин коопсуздугу боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганын белгилеп, башкы врачтын жоопкерчилигин кароону тапшырды.