Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 33кө жетти

Окуялар тизмеги 06 Апр 2020 10:42
0 ой-пикир

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 33 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал, буга чейин 10 адам коронавирустан айыгып, бейтапканадан чыгарылганын белгилеп, бүгүн Жалал-Абад облусунда 23 адам ооруканадан чыгарыларын билдирди.

«Бүгүн стационардык дарыланууда болгон 23 адам үйлөрүнө чыгарылат», — деди министр.

Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.