ИИМ: Коменданттык саат учурунда тартип бузган 78 жаран кармалды

Окуялар тизмеги 06 Апр 2020 09:40
0 ой-пикир

5-апрель саат 20:00дөн тартып 6-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 78 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 66, Ош шаары боюнча — 2, Жалал-Абад шаары — 6, Сузак району боюнча — 2, Кара-Суу районунда — 2 адам кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

«Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 1944 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.