Вируска чалдыккан дарыгерлердин абалы кандай? Министрдин жообу

Окуялар тизмеги 05 Апр 2020 11:45
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы экенин билдирди.

Анын айтымында, алардын баары врачтар эмес. Арасында санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар.

Министр учурда дарыгерлерди коргоодо бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, кесиптештерин сак болууга чакырды.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирус менен тогуз медицина кызматкери ооруп жатканы аныкталды. Жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто.

Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Илдет жуккандардын ичинен бирөө кайтыш болду. Тогуз адам айыгып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.