Атактуу «Lamborghini» компаниясы медициналык беткаптарды чыгара баштайт (фото)

Аалам, Окуялар тизмеги 05 Апр 2020 15:20
0 ой-пикир

Дүйнөгө белгилүү италиялык «Lamborghini» унаа компаниясы хирургиялык жана медициналык беткаптарды чыгара баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, медициналык беткаптар Болонье шаарындагы ооруканаларга берилет.

Буга чейин атактуу «Armani»​ мода үйү илдетке кабылган дарыгерлер үчүн бир жолу кийчү атайын халаттарды тиге баштаган.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 5-апрелге карата Италияда 124 600дөн көп киши коронавирусту жуктуруп алды. Каза болгондор 15300дөн көп. Сакайгандар 21 000ге жетип калды.

Эске сала кетсек, 5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталып, ооругандардын саны 147 кишиге жетти. Эки адам каза тапты, тогуз бейтап сакайды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.