Жогорку Кеңеш арыз-даттанууларды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө абал учурунда жарандар менен эффективдүү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу жана айрым мыйзам бузууларга карата тез аранын ичинде чара көрүү үчүн атайын электрондук почта ачылган.
“Сиздердин каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет. Кайра байланышуу үчүн, катыңызда өздүк маалыматтарыңызды калтырууну суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.
Кайрылуулар үчүн электрондук почта: