Кыргызстанда “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы иштелип чыкты

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 09:57
0 ой-пикир

Мамлекеттик органдарда “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, «Инфоком» мамлекеттик ишканасы республиканын мамлекеттик органдарында “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыкты.

“Бүгүнкү күндө система 123 мамлекеттик органда иштейт, 6 айда 237 000 документ катталган, ошондой эле 9000ден ашуун кызматкер системанын пайдалануучулары болуп эсептелет”, — деп кошумчалады Догоев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.