Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 13:51
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам айыгып, бирөө каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.