Кыргызстанда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө оорунун очогунда иштеп жаткан 9 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алган.
“Эки күндөгү жаңы катталган учурлардын тогузу медицина кызматкерлери. 8инин жуктуруп алганы кечээ белгилүү болсо, бирөөнүкү бүгүн белгилүү болду. Алардын бардыгы коронавирус алып жүрүүчүлөр” , — деп кошумчалады Мамбетов.