ФОТО: Жалал-Абадда дезинфекциялоо иштери дрон жана мотодельтаплан аркылуу жүргүзүлүүдө

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 23:54
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарында дезинфекциялоо иштери агродрон жана мотодельтапландын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

«Короновируска шектелип обсервацияга алынган жарандар жайгашкан имараттар, алар жашаган үйлөр, облустук оорукананын имараттары жана борбордук базардын айланасы дезинфекцияланууда. Бул иштер «Бай дыйкан» айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан аткарылып жатат. Ага керектелүүчү атайын техника жана сарпталуучу акча каражаттары да аталган борбор тарабынан каржыланууда», — деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэриясы.

Бул иштерди алдыдагы күндөрү башка аймактарда улантуу пландалууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.