​ «Позвольте, жители страны…» аттуу ыр Пушкиндин калемине таандыкбы?

Окуялар тизмеги, Статьялар 03 Апр 2020 18:26
0 ой-пикир

Улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкин «холера оорусунун учурунда карантинде отуруп мекендештерине жазган ыры экен” деген баш сөз менен социалдык тармактарда жана месенджерлерде «Позвольте, жители страны…» деген ыр кеңири тарап жатат.

«Позвольте, жители страны,

В часы душевного мученья

Поздравить вас из заточенья

С великим праздником весны!

Всё утрясётся, всё пройдёт,

Уйдут печали и тревоги,

Вновь станут гладкими дороги

И сад, как прежде, зацветёт.

На помощь разум призовём,

Сметём болезнь силой знаний

И дни тяжёлых испытаний

Одной семьёй переживём.

Мы станем чище и мудрей,

Не сдавшись мраку и испугу,

Воспрянем духом и друг другу

Мы станем ближе и добрей.

И пусть за праздничным столом

Мы вновь порадуемся жизни,

Пусть в этот день пошлёт Всевышний

Кусочек счастья в каждый дом!

А.С. Пушкин 1827 г.” деп жазылат.

Бул чыгарма 22-мартта Фейсбуктун «Лейдендеги Пушкин атындагы орус тил мектебинде» баракчасында жарыяланган соң кеңири таркап, Кыргызстанда да белгилүү болду.

«Болдино шаарындагы холера жөнүндө карантинде жүргөн биздин улуу Александр Сергеевич Пушкин бизге кайрылып жатат!», — деген мазмундагы постту «Лейдендеги Пушкин атындагы орус тил мектеби» жазган.

Интернет айдыңында таркаган ырдын чыныгын авторун тактоо максатында «ПолитКлиника» сайты фактчек өткөргөн. Жыйынтыгында, ырдын чыныгы автору социалдык тармактын колдонуучусу Казакстандык Урри Грим экени аныкталган.

Маалыматта айтылган холера пандемиясы 1816-жылы башталган. Бир жылдан кийин бүтүндөй Азияга тараган. Ал Россияга да жетип, 1823-24 жылдын кышына чейин болгон. Ал эми пандемиянын экинчи толкуну 1829-жылы башталып, Россияга 1830-жылы жеткен. Ал эми, Александр Сергеевич Пушкин Болдинодо карантинде 1830-жылы 7-сентябрдан 2-декабрга чейин болгон. Демек, билдирүүдө айтылгандай 1827-жылы карантин болгон эмес жана А.С.Пушкин ал жылы карантинге калган эмес.

Жыйынтык — бул маалымат калп.

Булак: ПолитКлиника медиа

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.