Ооруканада коронавирустан 125 киши дарыланууда, реанимацияда — 4

Окуялар тизмеги 03 Апр 2020 17:58
0 ой-пикир

3-апрелде Кыргызстанда жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 130га жетти болду. Анын ичинен бирөө каза болду, бешөө айыкты.

Ноокатта каза болгон жарандын өлүм себебин изилдөө үчүн сөөгү паталогоанатомго жөнөтүлдү.

Ал эми коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланыш түзгөндөрдүн саны — 2283. Алардын арасында үй-бүлө мүчөлөрү менен — 1857. Обсервацияга 1900 киши алынган.

Өлкө боюнча ооруканага жаткырылгандар – 125 киши. Оор абалда (реанимацияда) – 4, орточо оор абалда – 121 киши.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.