Коронавируска каршы атайын эсепке 83,4 миллион сом түштү

Окуялар тизмеги 03 Апр 2020 10:54
0 ой-пикир

Коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акча 83 миллиондон ашты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 2-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 83 млн. 472 миң 193 сом акча каражаттар түштү.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.