Роза Отунбаева медицина кызматкерлерине пенсиясынан 1 млн сом которот

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 13:20
0 ой-пикир

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өзүнүн пенсиясынын эсебинен 1 миллион сомду медицина кызматкерлерине которуп берет. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунан маалымдашты.

«Өз өмүрүн тобокелге салып, башкалардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан алдыңкы линиядагы дарыгерлерди колдоо максатында Роза Отунбаева акча которуп жатат. Ошондой эле экс-президент өзүнүн кадыр-баркы менен башка өлкөлөрдөн экспресс-тесттерди тез алып келүү боюнча иш жүргүзүп жатат. Бирок, аны тез чечүүдө авиакаттамдардын токтотулушу, мамлекет аралык расмий келишимдин зарылдыгы сыяктуу маселелер чыккандыктан, азырынча каражатты дарыгерлерди колдоого которуу чечилди. Кыргызстанда Роза Отунбаевадан да көп пенсия алгандар бар, алар да экс-президенттин жолун улайт деген ишенимди билдиребиз», деп айтылат фонддун маалыматында.

«Роза Отунбаеванын демилгелери»» фондунда иштеген башка пенсионерлер да бир айлык акчасын которуп беришет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.