Кыргызстанда дагы 2 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов кабарлады.
Анын айтымында, илдеттен дагы 2 адам айыгып чыккан.
«Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканадан 3 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Ала-Бука аймактык ооруканадан дагы 2 жаран (бир аял, бир эркек) чыгарылды», — дейт ал.
Мамбетов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 1 миң 928 адам аныкталды. Анын ичинен 1-категориядагылар 478, 2-категориядагылар 1 миң 450 адамды түзөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган 5 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти.