Коронавируска каршы эсепке 80,5 миллион сом түштү

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 11:49
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсепке 1-апрелге карата 80 миллион 552 миң сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсеп ачылып, ага ишкерлер, мамлекеттик жана жеке компаниялардын кызматкерлери айлыгынын эсебинен акча которушууда

Буга чейин өкмөт бул каражаттын ачык-айкын колдонулушун камсыздоо максатында бөлүштүрүү комиссиясын түзгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Бирок комиссияга жарандык коомдун атынан мүчө болгон укук коргоочу Назгүл Турдубекова андан өз эрки менен чыгып кеткен. Мындай кадамды ал аталган органда жарандык коомдун өкүлдөрү аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Буга чейин бөлүштүрүү комиссиясы топтолгон каражаттын бир бөлүгүн коронавирус аныкталган аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча айлык катары берүүнү чечкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.