Казакстанда коронавирустан каза болгондордун сөөгү туугандарына берилбейт

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 09:17
0 ой-пикир

Казакстанда коронавирустан каза болгондордун денесин союуга жана жакындарына берүү тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди.

Башкы дарыгер маркумдун жакындары анын сөөгүнө үч метрден бери жакын жолобошу керек экенин, ага эң жакын туугандары катышуусу зарыл болорун, маркум менен коштошууга бир сааттай гана убакыт берилерин айтты. Ошондой эле диний жөрөлгөлөрдү бир гана дин кызматкери жүргүзүп, маркумдун зыйнаты жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен сактык чаралары аркылуу гана ишке ашат.

Соңку маалымат боюнча, Казакстанда ооругандардын саны 370 адамдан ашты. Үч бейтап көз жумду. 24 бейтап айыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.