Жогорку Кеңештин 1-апрелде өткөн кезексиз жыйынында премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев өз кызматында калганына моралдык укугу жок экени айтылды.
Тактап айтканда, депутат Мирлан Жээнчороев өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү иштеп кеткенин эске салып, өкмөт башчыны «кызматта отурууга моралдык укугуңуз жок» деп сынга алды.
«Командаңыздын 95% кетти. Өзүңүз эле калдыңыз, мен муну абдан уят нерсе деп ойлойм. Андан көрө жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып кызматтан кетишиңиз керек болчу. Же болбосо азыр командаңызды бекем кармап, карантин бүткөндөн кийин чечим чыгарсаңа болмок», — дейт эл өкүлү.
Жээнчороевдун сынына премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев «иштеп жатабыз» деген жооп менен гана чектелди.
Эскерте кетсек, 1-апрелде премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлик кызматына Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке көрсөттү.
Депутаттар көрсөтүлгөн талапкерлерди колдоп беришти.