Депутаттар Евразия Экономикалык Биримдигинен чыгууну сунуштоодо

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 13:56
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Анда «Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралууда.

Депутат Абдывахап Нурбаев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кайрылып, үчүнчү тараптан кирчү товарларга бажы тарифин алып салууну сунуштады. Парламент жыйынында депутат эгер бул маселе чечилбесе, анда биримдиктен чыгуу боюнча демилге көтөрүш керек экенин билдирди.

Бул сунушту депутат Алтынбек Сулайманов колдоп, өкмөттү бул багытта иш алып барууга чакырды.

Экономика министри Санжар Муканбетов бажы тарифдери Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жыйынында караларын билдирди. Анын айтымында, ушул жума да комиссиянын видео жыйыны болот.

Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өткөн аптада ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн вице-премьерлеринин жыйынында бул уюмдагы өлкөлөрдөн кирген дары-дармектердин бажы төлөмдөрүн азайтуу жана азык-түлүк, дары-дармектерди тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.