Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалда журналисттердин укугун чектеген Бишкек комендантынын чечими Жогорку Кеңеште сынга алынды.
1-апрелде парламенттин жыйынында сүйлөп жатып депутат Садык Шер-Нияз вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге кайрылып:
«Эмне үчүн журналисттер ошол тизмеге кирбей калган? Эмне үчүн ал тизмеде мамлекеттик ЖМКлар гана болушу керек? Бүткүл дүйнө жүзү маалымат ачык болгону үчүн Кытайдагыны укту, күрөшүп жатат. Эмне үчүн дүйнөдөгү тажрыйба Кыргызстанда болбошу керек?» — деди эл өкүлү.
Шер-Нияз айрым депутаттардын блокпосттон өтө албай, жумушка айланып келгенин айтып өттү.
«Силер Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктарын чектеп жатсаңар, анда жөнөкөй журналисттерди жөн эле тепсендиге таштап саласыңар!» — деп кошумчалады.
Эркин Асрандиев депутаттын суроосуна жооп берип, бул маселе комендатурада каралып жатканын айтты.
Эске сала кетсек, Бишкектин комендатурасы өзгөчө абал учурундагы чектөөлөр күчөтүлгөнүн 31-мартта жарыялаган. Коронавирусту жайылтпоо максатында адамдарга конокко барууга, көчөгө себеби жок чыгууга тыюу салынганы айтылган.
Кызматкерлерине уруксат берилген ишкана-мекемелердин тизмеси түзүлгөнү, ал тизмеде жокторго көчөгө чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон. Бул тизмеге жалпыга маалымдоо каражаттары кирген эмес.