Сокулукта коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 10:14
0 ой-пикир

Сокулукта коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-мартында Чүй областынын Сокулук районунун тургуну 1987-жылы туулган Бактыбаев Бактияр Согушпекович аныкталды.

Бактыбаев социалдык тармактар аркылуу Сокулук районунун администрациясында бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан. Аталган адам менен түшүндүрүү иш-чаралар өткөзүлүп, жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет, деп айтылат маалыматти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.