Сизди өкмөт башчы кылып коелу, жооп бере бересиз, — депутат Масалиев спикерге

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 15:12
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Анда «Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралып жатат.

Айрым депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн жоопторуна канаатанбай, нааразычылыгын билдиришти. Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду өкмөттүн ордуна жооп бербөөгө чакырды.

“Дастан Артисбекович, мен сизден суранат элем, өкмөттүн ордуна жооп бербей эле коюңуз. Анда сизди өкмөт башчы кылып коелу, жооп бере бересиз. Күйгөнүңүздү түшүнүп турам, бирок булар өздөрү жасаган иштери үчүн жооп берсин”, – деди Масалиев.

Төрага суроо ага да берилгенин жүйө кылып, жооп кайтарды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.