Коалициялык көпчүлүк вице-премьерликке жана министрликке сунушталган талапкерлерди жактырды

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 17:26
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт”) вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын, ал эми саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин жактырды.

Талапкерлерди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. Ал талапкерлердин эмгек жолу тууралуу кеңири маалымат берип, анын адистик жана жеке адамдык сапаттары сунушталган кызмат ордуна туура келерин белгиледи.

Жыйынтыгында сунушталган талапкерди колдоо тууралуу парламенттик коалициялык көпчүлүктүн чечими Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.