COVID-19: Өлкөдө илдетти жуктуруп алгандардын саны 111 кишиге жетти

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 12:23
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 111 кишиге жетти.

«Жаңы катталган 4 учурдун ичинен Жалал-Абад шаарында – 1, Сузак районунда – 1, Кара-Көл шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 адам бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек», — деп кошумчалады ал.

Мамбетов билдиргендей, жаӊы аныкталган учурлардын ичинен бирөө Россиядан келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.