Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38,5 млн. сом дарыгерлерге кошумча төлөнүп берилет

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 09:55
0 ой-пикир

Коронавируска каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат. Бул чечимди инфекцияны жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган депозиттик эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алды.

Бүгүн, 31-март саат 14:30га карата эсептке 61 млн 239 миң 736 сом түштү. Анын 38 млн 559 миң 307 сому өлкө аймагындагы вурус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-мартындагы буйругуна ылайык Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган.

31-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 13 жаңы учур катталып, жалпы илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 107ге жетти. Үч киши айыгып чыкты.

25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда чукул абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.