Атайын эсеп: коронавируска каршы күрөшүүгө 69,5 млн сом түштү

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 14:59
0 ой-пикир

Коронавируска каршы күрөш үчүн Финансы министрлигинин карамагында ачылган эсепке 69,5 млн сом келип түштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-мартына (саат 17.00) карата Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 69 млн 479 миң 853 сом акча каражаттар түштү.

Финансы министрлигинин расмий сайтында ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар жайгашкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.