Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган алгачкы адам катталды

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 13:58
0 ой-пикир

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 13 жаӊы учуру аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы катталгандар:
Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирус аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстан боюнча Талас облустунда гана коронавирус илдети аныктала элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.