ВИДЕО: Текебаев учурдагы кырдаал боюнча элге кайрылды

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 14:16
0 ой-пикир

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча элге кайрылды. Саясатчы элге кайрылып, өзүнүн ой-пикирлери менен бөлүшкөн.

Текебаев дүйнөнү каптаган коронавирус менен күрөшүү боюнча менин кыргыз өкмөтүнө сунуштарды берген:

1. Карантиндин эрежелерин кынтыксыз аткаралы. 

2. Массалык тестирлеп коронавирус жуккан адамдарды эрте аныктап, аларды эрте дарылайлы. 

3. Коронавирустан айыктыра турган дары-дармектер менен өкмөт тез арада камсыздоосу керек. 

4. Коронавирус жугуп, оорусу өтүшүп кеткен адамдарды аман алып калыш үчүн өкмөт тез арада жасалма дем алдыруучу аппараттарды (1000 даанадан кем эмес) алып келиши керек. 

5. Мамалекет муктаж болгон үй-бүлөлөрдү негизги азык-түлүктөр менен карантин бүткөнгө чейин бекер камсыздашы зарыл. 

6. Өкмөт тез аранын ичинде иш пландарын түзүп, алардын аткарылышы боюнча маалыматты элге жеткирип туруусу абзел.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.