Чек ара кызматынын 200 жаш аскери ант берди (фото)

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 08:22
0 ой-пикир

Каракол шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында жаш чек ара аскерлеринин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, учурдагы коронавируска байланышкан кырдаалдан улам жаш аскерлер медициналык беткап тагынып ант беришкен.

«Адатта жаш аскерлердин ант берүү салтанатына алардын жакындары, туугандары катышат. Бирок, бул ирет белгилүү себептерден улам ант берүү салтанатына алар катышкан жок», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Жалпысынан 200 жаш аскер 2,5 ай бою аскер ишин үйрөнүшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.