«Бишкек жылуулук тармактары»: Мартта төлөмдөрдүн баасы төмөн болот

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 18:07
0 ой-пикир

Бишкекте март айындагы жылуулуктун баасы төмөн болот. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жылуулук акы 1-18-март жана 25-31-март күндөрү, жалпы 25 күн үчүн гана алынат.

«Абанын температурасы климаттык нормадан жогору болгондугуна байланыштуу март айында жылуулуктун баасы башка айларга салыштырмалуу төмөн болот. Шаардыктарга жылуулук, ысык суу берүү, төлөмдөр боюнча суроолор жаралган учурда же эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүү үчүн 1980 же 61 11 69 телефон номерине кайрылса болот. Аны менен бирге эсептегичтин көрсөтмөлөрүн www.teploseti.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу жиберсе болот», — деп билдирет ишкана.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.