Акыркы эки күндө коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын канчасы сырттан, ал эми канчасы ички катташуудан жуктуруп алгандыгы айтылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымдагандай, акыркы эки күндө коронавирусту жуктурган 23 (10+13) жаңы учур аныкталды.
«Илдетти жуктуруп алган 23 адамдын ичинен төртөө сырттан келгендер, башкача айтканда, чек арадан өткөндөр. Калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраагы жергиликтүү (ички) жуктуруу», — дейт Мамбетов.
Ал кошумалагандай, жуктуруунун 19 ички учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар жана 15 учур үй-бүлөлүк очокто жаралган.
31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан үчөө айыгып чыккан