COVID-19: Москвадан 402 кыргызстандык жаран кайтып келишти (фото)

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 09:16
0 ой-пикир

29-мартта Москванын «Шереметьево» аэропортунан “Аэрофлот” компаниясынын чартердик каттамы менен 402 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабы маалымдады.

Авиа жүргүнчүлөр менен катнашты азайтуу максатында аэропортто рейсти тосуу перрондо уюштурулду.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өткөн аптада «Шереметьеводо» 40ка жакын кыргызстандык жалпы зонада, 14 жаран транзиттик зонада турганын, Новосибирск шаарынын аэропортунда 200дөй адам рейс күтүп жатканын маалымдаган. Мекеме билдиргендей, 17-24-мартта Россиянын ар кайсы шаарларынан Кыргызстанга 5117 жүргүнчү жөнөтүлгөн

Ал эми «Азаттыктын» кабарчылары менен байланышкан кыргызстандык жарандар «Шереметьево» аэропортунда 200-300гө жакын кыргыз жараны бар экенин билдиришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.