Кыргызстанда коронавирустан айыккан алгачкы бейтаптар ооруканадан чыгарылат

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 11:08
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-мартта Жалал-Абадда коронавирус инфекциясынан айыккан алгачкы бейтаптар орууканадан чыгышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавируска каршы күрөшүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат.

«Бул кырдаал бир гана Кыргызстандын эмес, бүтүндөй дүйнө медицинасы үчүн чоң сыноо болууда. Кытайдын мисалында коронавирусту жеңсе боло тургандыгын көрдүк жана биз ага жетебиз», — деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда – 39, Ош облусунда – 33, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда — 3, Баткен облусунда – 1, Нарын облусунда — 1 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.