Комендант: Бүгүндөн тарта Бишкекте кайгуул жүргүзүү күчөтүлөт

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 11:33
0 ой-пикир

Бишкек шаары 30-марттан тартып күчөтүлгөн көзөмөлгө өтуп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиевдин айтымында, борбор калаанын көчөлөрүнө кошумча 400дөй патрулдук кызматкер чыгат.

“Кайгуул кызматкерлери санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата чара көрүшөт”, – деди ал.

Орозалиев, жарандарды үйдө болууга, сыртка үч себеп менен гана – дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн гана чыгууга чакырды.

Эске салсак, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.