COVID-19: Бабанов илдет менен күрөшүүдө француздардын тажрыйбасын сунуштады

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 11:41
0 ой-пикир

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов коронавирус илдети менен күрөшүүдө Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине француздардын тажрыйбасын сунуштады.

Анын айтымында, Францияда коронавирус жуктуруп алган дээрлик ар бир бейтап Марселдеги университеттик бейтапканадан айыгып чыккан.

“Француз досум Марселдеги университеттик бейтапкана 80 пациентти коронавирустан өзгөчө дарылоосу боюнча отчетту мага жөнөткөн. Бул документте дүйнөдө кеңири тараган гидроксихлорохин жана азитромицин дармектерин биргеликте колдонуу аркылуу COVID-19 вирусунун жугуштуулугун тезирээк токтотуп, андан кийин айыктыруусуна алып келгендиги кеңири жазылган”, – деп жазган саясатчы.

Ал дүйнөлүк ММКлар француздардын бул натыйжалуу тажрыйбасы тууралуу алардын мурдагы орток изилдөөсүнүн негизинде жазып чыгышканын айтып, бардык дарыгерлерге ушул стратегияга өтүүнү сунуштады.

Кыргызстаныбызда 11 күн мурда бул ооруга кабылган адамдар биринчи жолу катталган, азырынча айыккандар жок. Жугузуп алгандар сөзсүз айыгып, бул пандемия токтойт деп ишенем!” – деди Бабанов.

Эскертүү!  Бул документ жөн гана таанышуу үчүн. Аталган дарыларды өз алдыңыздарча сатып алып, дарыланбаңыздар!

Документтин котормосу (орус тилинде): https://drive.google.com/…/1oUJW8F9jn1lAVsavJJYguY-Ac…/view…

Документтин оригиналы (англис тилинде): https://www.mediterranee-infection.com/…/…/COVID-IHU-2-1.pdf

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.