Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматына караганда, 30-мартта, саат 8:00гө карата өлкөдө коронавируска чалдыккан жаңы учур катталган жок.
Учурда өлкөдө жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 84кө жетти. 26 киши 29-март күнү аныкталган.
Жаңы аныкталгандардан эки адам Чүй облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бир адам Нарын шаарында, алтоо Ош облусунда, 13 адам Жалал-Абад шаарында жашайт.
Коронавирус жуктурган 84 адамдын үчөө оор абалда. Алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө Өзгөндө, бирөө Сузакта.
Ушул тапта республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын саны – 4886 киши. Үй карантининде жаткан адамдардын саны – 3338.