Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталды. Жалпы 84

Окуялар тизмеги 29 Мар 2020 12:18
0 ой-пикир

Кыргызстанда 29-март саат 12:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 26 жаңы учур катталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84 кишиге чейин өстү.

«Жаңы катталган 26 учурдун ичинен Чүй облусунда — 2 адам, Бишкек шаарында — 4 адам, Нарын шаарында — 1 адам, Ош облусунда — 6 адам, Жалал-Абад шаарында — 13 адам», — деп билдирди ал.

Мамбетов кошумчалагандай, булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.