COVID-19: Саламаттык сактоо министрлигинин иши сынга алынды

Окуялар тизмеги 29 Мар 2020 19:02
0 ой-пикир

Бүгүн өкмөттө облус губернаторлордун катышуусу менен онлайн режиминде жыйын өттү.

Жыйында 29-мартта коронавирус табылган дагы 26 киши менен байланышта болгондор аныкталып, изоляцияга алынганы белгилүү болду.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алды. Анын айтымында, министрликтин жетекчилигинин уюштуруу, башкаруу иштеринде кемчиликтер болуп жатат.

«Министрликтин жетекчилигинин уюштуруучулук ишинде кемчилдиктерди көрүп турабыз, бул биз тараптан да, калктын да нааразылыгын жаратпай койбойт. Кетирилген кемчиликтер четтетилет, бул дарыгерлердин керектөөлөрүн камсыздоо, ӨА режими учурунда унаа, уруксат маселелерине да тийиштүү. Алдынкы катарда иштеп жаткан лаборанттар, вирусологдор, эпидемиологдор үчүн тоскоолдуксуз жана коопсуз иштөөнүн бардык шарттары түзүлөт. Калган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары мында жардам көрсөтүшөт», — деди Кубатбек Боронов.

Ушундай эле сын патрулдук милициянын ишмердүүлүгүнө да айтылды. Боронов көчөлөрдө адамдардын ары-бери жүрүүсүн мүмкүн болушунча чектөө зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде ӨА режими маалында тиешелүү өткөрмө кагаздарды электрондук түрдө берүү иштерин тездетүү тапшырылды.

Штабдын жыйынында коронавирусту аныктоо үчүн Беларустан 25 миң тест алып келүү маселеси чечилип жатканы белгилүү болду

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.